cgsen.osh
Ошский ГЦПЗ и ГСЭН с ФКДСОО
12/12/2023
📍2023-жылдын 9-декабрында Ош шаарындагы М.Горький атындагы №8 гимназия мектебинде Ош облусу боюнча кызматтын иш-аракетин координациялоо милдети жүктөлгөн Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык дарыгери Калышева К.А. тарабынан уюштурулган семинар-окутуу мектептеги ашпозчулар жана мугалимдер арасында болуп өттү.
🔹Семинар-окутуунун темасы:
1. “Орто билим берүү уюмдарындагы ашканаларга болгон санитардык-гигиеналык талаптар”,
2. “Бракераж чийки жана бышкан тамак-аш азыктарына кандай ирээтте жүргүзүлөт”.
🔸Жалпы маалымат үчүн: Ош шаарында 55 орто билим берүү уюмунда балдарга билим берилет, алардын ичинен 20сында 1-4-класс окуучуларына ысык тамак, ал эми 35 де шашке чай гана берилет.
30/11/2023
Ош шаарында 3-декабрь - Майыптыгы бар адамдарды коргоонун эл аралык кунуно карата «Биз биргебиз» аттуу бир айлыкты откоруу жонундо Ош шаарынын мэриясынын 13.11.2023ж #1030 токтомунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2012-жылдын 10-апрелиндеги #237 «Кыргыз Республикасында балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун эл аралык кунун жыл сайын откоруу жонундо» токтомунун негизинде ООБКИКМЖ Ош шаардык ОАА жана МСЭК борборунун эмгек жааматы тарабынан Ош шаарында жашаган майып адамдарга конул буруу жана камкордук коруу максатында 2 жаранга материалдык жардам корсотулду.
21/11/2023
Африканская сеть полевой эпидемиологии (AFENET) в сотрудничестве с Министерством здравоохранения Кении
организация 8-й научной конференции AFENET. Конференция прошла с 5 по 10 ноября 2023 г.
в отеле PrideInn Flamingo Beach Resort в Момбасе, Кения. Тема конференции: «Укрепление общественного
Системы здравоохранения в Африке на пути к повышению глобальной безопасности здравоохранения: роль полевой эпидемиологии и
Программы обучения лабораторных работников», как ожидается, привлечет более 700 участников из более чем 40 стран.
Конференция предоставила платформу для программ полевой эпидемиологии и лабораторной подготовки (FELTP).
резиденты, выпускники и другие специалисты общественного здравоохранения для обмена практическим опытом и передовой практикой в
здравоохранение. Конференция объединяет экспертов из министерств здравоохранения, сельского хозяйства, животноводства и
Рыболовства, окружающей среды и туризма, а также представители международных партнеров в области здравоохранения для совместного
обсудить вопросы, влияющие на общественное здравоохранение в Африке, с целью создания устойчивой и устойчивой системы общественного здравоохранения.
системы здравоохранения.
¶Даутов Тимур Талгатович-сотрудник ОГЦПЗИГСЭНСФКДСОО.
07/11/2023
‼️Конул буруп коюнуздар, урматтуу Ош облусунун жана Ош шаарынын тургундары!
12/10/2023
🛑Ош шаарында 2023-жылдын 11-октябрында тамак-аштан ууланып 10 адам тушкондугу тууралуу Ош облусу боюнча кызматтын иш-аракетин координациялоо милдети жүктөлгөн Ош шаардык ОАА жана МСЭК борборуна шашылыш билдирүү келип тушкон, шашылыш билдирүүнүн негизинде санитардык- эпидемиологиялык изилдөөлөр жүргүзүлүп, иликтөөлөрдүн жыйынтыгында Ош шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан "Кут Ордо" чайканасынан 09-октябрында орулуулардын айтымында "салат" жана өздөрү алып барган чучук жешкен. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан изилдөөлөр жүргүзүлүп, чайкананын иши санитардык күнгө жабылды жана аталган чайканага Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 214-беренесинин 5-бөлүгүнүн негизинде 23000сом айып пул салынды. Азыркы учурда эпидемиологиялык иликтөө иштери дагы уланууда!
26/09/2023
2023- жылдын 20- сентябрында Ош шаардык ооруканасынын балдар болумунон Ош шаарынын тургуну ( мектеп окуучусу) Гидрофобияга божомолдонуп жатканы боюнча билдируу келип тушкон.
Эпидемиологиялык иликтоо учурунда август айынын башында Озгон районуна баргандыгы жана мал кайтаруу учурунда талаадагы белгисиз ит тиштеп алгандыгы белгилуу болгон. Бирок, кутурма оорусуна каршы эмдоо алынган эмес.
2023- жылдын 22- сентябрында динамикалык байкоо учурунда оорулууда дем алуу - журок иш- аракети токтоп , реанимациялык чаралар корулгон. Бирок, бардык аракеттерге карабастан кардиореспиратордук активдуулук калыбына келбей, бала коз жумду.
26/09/2023
09.21-22.2023 Ош шаардык оорударды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык борборунун базасында, лабораториялык изилдөө бөлүмү С.Б.Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун түштүк филиалы менен биргеликте «Саламаттык сактоо уюмдарында инфекциялык контролдоо жана медициналык калдыктарды коопсуз башкаруу. Лабораториялык биокоопсуздук жана биокоргонуу. Клиникалык аудит” аттуу эки күндүк окуу семинары уюштурулуп, өткөрүлдү. Бул окуу семинарына 120дан ашык медицина кызматкерлери катышып, анда коопсуз жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүнүн актуалдуу маселелери талкууланып, диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча лабораториялардын ишин жакшыртуу боюнча милдеттер да каралды.
25/09/2023
«Тил-улуттун кубанса кубанычы, кайгырса кайгысы жана акыл-эси. Тилсиз улут болбойт.»-дп Чынгыз Айтматов айтып кеткендей, биз ата-бабаларыбыздан калган эки куттуу, ыйык мурастарыбызды: бири-Ата-Мекенибиз Кыргызстан, экинчиси-эне тилибизди ыйык сактап, барктай билели! 23-сентябрь Кыргызстандын мамлекеттик тил кунуно карата Ош облусу боюнча координациялоо милдети жуктолгон Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык козомолдоо борборунда Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун 2023-жылдын 17-июлунда кабыл алган мыйзамы боюнча кызматкерлер арасында иш-чара откорулду.
14/09/2023
🔻📣Бүгүн Ош облусу боюнча КИКМЖ Ош шаардык ОААжана МСЭКБнун аймагында башкы дарыгердин #103-буйругунун негизинде лаборатория кызматкерлерин эвакуациялоо жана өрткө каршы каражаттарды туура колдонуу боюнча окуу-машыгуусу өткөрүлдү.✅
Бул иш чара 2023-жылдын экинчи жарым жылдыгында карата бекитилген перспективалуу пландын негизинде адистер арасында билим деңгээлин бекемдөө, өзгөчө кырдаалдарга карата даярдык көрүү алкагында уюштурулган.
________________________
🔻📣Сегодня на территории Ошского городского центра ПЗ и ГСЭН с ФКДС по Ошской области на основании приказа №103 главного врача центра проведено учение по эвакуации работников лаборатории и правильному использованию огнетушителей, приборов используемых во время пожара.
Данное учение было организовано в рамках повышения уровня образования специалистов и подготовки к чрезвычайным ситуациям на основе перспективного плана, утвержденного на второе полугодие 2023 года.
04/09/2023
🔸🔹🔸2023-жылдын 4-сентябрынан баштап Ош облусу боюнча кызматтын иш-аракетин координациялоо милдети жүктөлгөн Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары кызматына - Орозбаева Санталат Маматовна дайындалды!!!
______________________________________
🔸🔹🔸С 4 сентября 2023 года на должность заместителя главного врача Ошского городского центра профилактики заболеваний и государственного санитарно-эпидемиологического надзора с функцией координации деятельности по Ошской области назначена - Орозбаева Санталат Маматовна!!!
Click here to claim your Sponsored Listing.
Category
Telephone
Address
Osh
Opening Hours
| Monday | 08:30 - 17:40 |
| Tuesday | 08:30 - 17:40 |
| Wednesday | 08:30 - 17:40 |
| Thursday | 08:30 - 17:40 |
| Friday | 08:30 - 17:40 |
| Saturday | 08:30 - 17:40 |
| Sunday | 08:30 - 17:40 |
